Жаан-чачын менен башталган жаздын алгачкы күндөрү борбор калаанын жашоочуларына жолдордун абалынын начар экендигин көрсөттү. Тургундар көчөдөгү көлчүктөрдү айланып, кээ бир учурларда баткакты басып өтүүгө аргасыз. Өзгөчө жол жээгиндеги аллеялардын абалы жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Аллея менен баратып көлчүккө туш болгон учурда "таза жерди" издеп, айланып өткөндөр аз эмес. Мындан улам жол четине орнотулган бордюрларды басып өтүүгө мажбур болосуң. Анан бордюр-тосмолор бат эле талкаланды деген кеп чыгары турган иш эмеспи.
Баш калаанын көчөлөрү бул, ал эми Бишкектин четиндеги жаңы конуштардагы абал андан оор. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазышууда. Анда алар Арча-Бешик конушундагы жолдордун оңдолбогондугуна нааразычылыгын билдирүүдө. Алардын айтымында, көчөлөрдү газ киргизүү үчүн казып, ошол боюнча таштап коюшкан.
"2017-жылдын күз мезгилинде Арча-Бешик конушунда бир нече көчөнү газ киргизүү үчүн казып, кайра көмүп коюшкан. Эми газ дагы жок, жол дагы жок. Бул жерден басууга эч болбойт. Жамгыр жааса эле жолдор баткак болуп калат. Мэриянын планы боюнча биздин аймактагы көчөлөрдү оңдобойт экен. Борбордон алыскы аймактарды качантан карап башташат?", - деп жазып чыкты интернет колдонуучу.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2017-жылга карата жол салуу жана жолдорду оңдоо үчүн 3 миллиард 700 миң сом акча каражатын жумшоону пландаган.