Бүгүн, 5-мартта Жогорку Соттун алдында башталган митинг Ак үйдүн жанында уланып жатат. Митингдин катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президенттин өкүлүнүн чыгышын талап кылышты. Алар "Жогорку Кеңештин депутаттары чыксын", "Президенттин өкүлү чыксын" деп кыйкырышты.
Акциянын катышуучулары сот системинин кызматкерлеринин ишине нааразычылыктарын билдиришти. Алардын талабы - сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотуу. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдары тууралуу айткан сөзүн колдой тургандыгын билдиришти.
Ошону менен катар эле алар Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Алар митингдин аягында президентке кат тапшырышат. Анда Жогорку Соттогу 6 судьялык бош орунга тандалган Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкуловду бекитпөөнү президенттен суранышат.