"Ош базарынын" соодагерлери өрттү бирөө атайын эле уюштурду деп шек санап жатышат.
Алардын биринин айтымында, өрт болгон учурда кароолчулар дүкөнгө кетишкен. Алар дүкөндөн келгенде базардын үч жеринен өрт башталганын көрүшкөнүн айтышкан.
"Биз "өрт чыкты" дегенди укканда эле келгенбиз. Кароолчулар өрт бир эле маалда 3 жерден башталганын айтып жатышат. Өрт 3 жерден бир маалда кантип чыксын? Бирөө атайын эле өрттөдү. Ошол күнөөлүүлөрдү табышсын. Мен 9 жылдан бери ушул жерде соода кылам. Январда биринчи жолу өрт чыкканда 1 миллион сомго жакын чыгым тарткам. Эми минтип кырсык кайталанып, кайрадан 350 миң сомго алган товарларым күйүп кетти", - деди соодагер.
Айта кетсек, кечээ, 5-мартта саат 21:07 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Сейтек” базарында өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянты күйгөн.
Өрт саат 22:13тө чектөөгө алынып, саат 00:40та толугу менен өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. ӨКМ өрттүн келип чыгуу себебин жана келтирилген материалдык чыгымдарды тактоодо.