Дубайда сууда сүзүүчү дүкөндөр ачылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сууда сүзүүчү дүкөндөрдү Дубай-Крик булуңунда чыгаруу пландалып жатат. Сырткы көрүнүшү менен "абра" араб кайыктарын элестеткен 17 дүкөн-кайыктарда кийимдер жана текстиль товарлары сатылат. Ошондой эле дүкөндөрдө кардарлар үчүн кафе ачылат.
Дүкөндөр кайсы убакта ишке берилери азырынча белгисиз.