Бишкек ЖЭБдин жумуштан алынган директору эмне себептен аварияны убагында оңдоого мүмкүн болбогонун айтты

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи чуусунун парламентте көтөрүлүшү (218 материал)

Бүгүн, 6-мартта Бишкек ЖЭБдеги авариянын келип чыгышын, ЖЭБге 386 миллион доллардын жумшалышын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.

Анда Бишкек ЖЭБдин жумуштан алынган мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу эмне себептен аварияны убагында оңдооого мүмкүн болбогонун айтты.

"Аварияны оңдоого 2-3 саат убакыт жетиштүү болчу. Авария болгон бөлүктөгү имараттын чатыры жана терезелери жок болгондугу маселени оорлотту. От казандар цехинде температура төмөн болуп, суулар тоңуп баштады. Анткени имаратты оңдоо үчүн каражат бөлүнгөн эмес. Президент ЖЭБге бара турган болгондо бизге бир аз каражат бөлүшкөн эмес. Биз имаратка косметикалык ремонт жасаганбыз", - деди Нурлан Өмүркул уулу.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов ЖЭБде авария болгондон кийин документтердин жыйынтыгында өзгөртүүлөр болгонуна кызыкты. Нурлан Өмүркул уулу мындай учур болгонун, бирок себептерин билбей турганын айтты.

"Авариядан кийин ЖЭБдин оңдолушу боюнча документтердеги даталар өзгөрүлүптүр. Эмне үчүн мындай болгонун билбейм, анткени авариядан кийин мен кызматтан кеткем", - деп жооп берди Нурлан Өмүркул уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан