АКШлык блоггер интернет колдонуучуларды өзүнүн жашоосу менен суктандырам деп карызга батты

Көпчүлүк интернет колдонуучулардын социалдык тармактагы баракчаларын карап отуруп алардын жашоосуна суктангандар арабызда аз эмес. Алардын чет өлкөлөргө саякаттап барганын, кымбат ресторандарда тамактангандарын көрүп өз жашоосуна нааразы болуп көңүлү чөккөндөр да четтен чыгат.
Бирок бардыгы биз ойлогондой эмес. Америкалык инста-блоггер Лиссетт Кальвейро социалдык тармактар үчүн суктандырган, керемет сүрөттөрдү тартам деп чоң суммадагы карызга баткан.
Лиссеттин окуясы ал Майамиден Нью-Йоркко көчүп келгенден кийин башталган. Анын айтымында, ал өзүн кинодо жүргөндөй сезип, социалдык тармактарда анын баракчасына катталган интернет колдонуучуларына өзүнүн жаңы жашоосун сүрөттөр аркылуу көргөзүүнү чечкен. Мындан улам ал буга чейин чогулткан бүт акчасын кымбат кийимдерди алууга жана достору менен көңүл ачууга короткон.
Акчасы калбай калганда дүкөнгө жарым күнгө сатуучу болуп жумушка орношкон. Бирок анын алган айлыгы баракчасына катталган колдонуучуларды эч кандай көйгөйү жок керемет жашоону чагылдырган сүрөттөр менен кубандырууга жеткен эмес.
Ушул себептен ал тааныштарынан акча сурай берип, бир нече айдын ичинде карызынын суммасы 10 миң доллардан ашып кеткен. Карыздарын төлөө үчүн ал кайрадан Майамидеги ата-энесиникине көчүп барып жумушка орношконго мажбур болгон. Буга карабастан ал сүрөткө бир эле кийим менен түшө бербеш үчүн ай сайын жаңы кийим сатып алууга көп акча жумшаган.
Мындан сырткары ал жок дегенде бир айда бир жолу белгилүү брендге таандык баасы 1000 доллардан жогору турган бир аксессуар алганга аракет кылып, ай сайын ар кайсы шаарларга барып турган.
"Мен Инстаграмга сүрөт жарыялаш үчүн эле саякаттачумун" деп билдирген блоггер.Бул көрүнүш 2016-жылдын аягында Лиссеттке Нью-Йоркто иштөө тууралуу сунуш келгенде өзгөргөн. Ошол мезгилде блоггер керемет жашоону токтотуу керек экендигин, болбосо ал ижарага батир да ала албай тургандыгын түшүнгөн. Ал акчасын үнөмдөөнү үйрөнүп, карыздарынан кутулган. Көнгөн адаттан арылуу оңойго турбайт. Бирок Лиссет жагдайдан чыгуунун жолун тапкан. Эми ал кийимдерди сатып албастан, арзан баада ижарага алат.

кошулду
Жашоосун керемет көрсөткүсү келген америкалык блоггер карызга батты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Safiya91
2018-03-07 14:56:10
Бул да бир ооруу болсо керекта ээ? Кечке тел кармай берсенда башын ооруп кететко. Бизде да интернет жылдыздарыыы бааар, ажатканага барганын гана киргизбейт.
+18
Kosmos2013
2018-03-07 14:58:18
Шумдугункур!!!
+4
dastan.bujun
2018-03-07 14:59:46
кыцратыптыр бул да талант
+1
Pipis17
2018-03-07 15:01:54
Анжелика кашкалдактыкы хронический болуп отушуп кетсе керек))))
+23
madina.87
2018-03-07 15:04:43
Биздин Анжелика турбайбы?!
Алда минут сайын мактанам деп жашоосун талкалап алды((
+20
ayana16
2018-03-08 02:40:36
madina.87,жардынгоо чиркиин
+2
Musio
2018-03-08 14:19:27
madina.87,Мен эч кимге болушпаим бирок,бироонун жашоосун чукумай жок.Ар биринер озунордун жашоонорду оилогула!!!
+2
momun74
2018-03-07 15:57:32
сойрукго
+4
Tyty1990
2018-03-07 17:45:53
Атын чыкпаса карыз ал
+5
novayariga
2018-03-07 22:35:37
Аа бул кутулуп кете турган кыз экен)
+5
nurik903
2018-03-08 01:25:29
азыр бары эле ушундай жашап калган XXXX ойлогон адам жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан