Кытайга турмушка чыккан кыргыз келин: "Жолдошум экөөбүз 13 жылдан бери никесиз жашайбыз. Бирок мурунку жолдошум менен ажыраша элекмин"

Буга чейин "30 миң Кыргыз кызы Кытай жарандары менен никеге турган" деген маалыматты айрым ЖМКлар жазып чыкса, Мамлекеттик каттоо кызматы айтылган маалыматты төгүндөп, 17 жылдын ичинде 195 гана кыргыз кызы Кытай жарандары менен никеге турганын кабарлаган. Ал эми Кытай Эл Республикасынын элчилиги Кытайда канча Кыргыз жараны менен Кытай жараны никеге турганы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Өзүн Чынара деп тааныштырган кыргыз кызы 13 жылдан бери Кытай жараны менен жашап жатканын, бирок экөө никеге турушпаганын SUPER.KG'ге айтып берди.

"Жолдошум Кытай жараны. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп турмуш курганыбызга 13 жыл болду. Азыр Кант шаарында жашап, эки уулду тарбиялап жатабыз. Улуусу 12, кичүүсү 5 жашта. Экөө тең кыргыз, кытай жана орус тилдеринде эркин сүйлөшөт. Бирок эч кандай нике тууралуу каттоого турган эмеспиз", - деди Чынара.

Ошондой эле өзү сыяктуу Кытай жарандарына турмушка чыккан кыргыз кыздарын көп жолуктуруп жүргөнүн жана бул кадимкидей эле көрүнүш болуп калганын белгиледи.

"Жолдошум бул жакта тиш доктур болуп иштегендиктен ага келген кытайлык кардарларынын да көпчүлүгү кыргыз кыздар менен жашашат экен. Баламдын классташтарынын арасында да апасы кыргыз, атасы кытай балдар бар. Алар никеге турушканы же турушпаганы боюнча маалыматым жок. Каттоо кызматынын тараткан маалыматын интернеттен окудум. Мындан улам көпчүлүгү никеге турушкан эмес болсо керек деген ойго келдим. Бизге да "никеге туруш керек" деп айтылганда, жолдошум анын анчалык зарылчылыгы жок экенин айткан. Ошол учурдан бери эле жакшынакай жашап жатабыз. Мурдагы жолдошум Кыргыз жараны, эмнегедир аны менен азыркыга чейин ажыраша элекмин. Ал экөөбүздүн ортобузда бир кыз, бир уулубуз бар. Улуусу 20, кичүүсү 19 жашка чыкты", - деди ал.




кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (72)
Medinaa
2018-03-09 00:14:19
Жийиркеничтүү!
+1
fantomas
2018-03-09 00:23:03
Туура, жийиркеничтуу... Окунучтуусу учурдагы бийликтин чара корбогонундо...

Эгер мен президент болсом, башка олко жаранына турмушка чыккан кыргыз кыз-келиндерин жарандыктан ажыратып, олко чек арасынан тышка чыгартып койдурмакмын биротоло, черный списокко киргизип, Кыргызстанга экинчи кадам баскыс кылып...
0
fantomas
2018-03-09 00:29:27
Жогоруда айрым диний фанаттар Чубак туура айткан деп сайрап жатышат. Чубагынар жомок айтканын тушунуп жетууго чама-чаркы, акылы жетпейби кандай?!...

Кытай, турк, тажиктерге тийип жаткан кыздар кыргыз эркектерге биринчи болуп тийгиси келбей жатып, кантип Чубакка, Турсунбай, Озбек молдого окшогон бугунку Жантай чалдарга экинчиси болуп тиймек эле?!!

Кытай, туркторго тийген кыздар кыргыз жигиттер калбай калып тигилерге тийип жаткан жери жок, акчасына азгырылып тийип жатышат
-4
love.me.again
2018-03-09 01:25:18
Ар Ким Оз каалаганына тиет да. Мага деле мусулманы бирок башка улуттагы адамдар жагат мисалы. Кыргыз эркектер бираз бош болушаткен. Кыжырды Гана кайрат го суйлошсон. Шалпандашып.аялдарын бага алышпайт чынында. Бираз акчасы болсо шумщуйуп бироону Таба калышат. Ошого жиним келет
+5
bond02
2018-03-09 01:48:50
тиги кытай тиши ооруганда жакшы жардам берген го.
+2
aerforce
2018-03-09 01:50:19
кыйратыпсын
+2
kral
2018-03-09 02:29:03
кытай эли эзели бизге дос болгон эмес кытай элине турмушка чыккан кыргыз кыздарын кыргыз жарандыгынан чыгарыш керек деп ойлойм
+4
Bolotbek1991
2018-03-09 03:06:14
Акмакчылык кылыпсыз эгер сиз мусулман болсонуз никесиз торолгон балдар учун биринчи куйоондон ажырашпаганын учун наркы дуйнодо жооп бересиз. А негизи акча учун турмушка чыгышат ал кытай эртен жумушу бутсо сизди таштап баса берет кытайга мен ошондой окуянын кобуноле кубо болгом окунучтуусу бизде кытайдын кобойуп кетиши алар акырындык менен биздин олкону басып алышат ошондуктан ойлонолу кыргыз элим
+2
Totyua.71.
2018-03-09 04:40:54
Өкүнүчтүү!Кытайлар Кыргыз жерине санын көбөйтүп жатканы келечектэ жерибизди Кытайлар ээлеп калаары кеп эмес!Ойлоно турган МАСЕЛЕ!
+3
anash
2018-03-09 09:00:44
Супер инфо эмнеге Кытай жарандарына рабочий визаны ойлонбой эле 1жылга 1.300$берет миграция кызматы жылына чет мамалекетин жарандарына 14мин виза берет ошонун 12минин кытайлар алып жатбайбы буну козомолдогон биро жарым барбы менин сунушум рабочий визаны алып койсун кытайлардан туристичиский виза бере берсин Казактарга окшоп кууп чыгыш керек и бизге азыр булар турист.кий визаны бербей жататко.Окмотон кененирек малымат аласыздарбы?кыздарыбызга соз жок тийип алып ойнош болуп журушот...
+2
orun
2018-03-09 10:15:35
Жакында кытай жеендер чоноюшуп бийликке чейин жетишет. Буларды кытай окмоту каржылайт. Балдары уже Кыргыз жарандыгын алышкан.
+3
s.sweet
2018-03-10 19:41:33
orun,оа туура айтасын
0
mirlanpiter
2018-03-09 10:45:55
Кытайлар ХХХХ ХХХХ Арам мн адалдын айырмасын билишпейт..кыздар ойлонгула?? Россияда журушот биздин кыргыз балдар Бир аз иштеп анан уйлоном деп 30 жашка чыгып калган бирок акчасы аз,,,Ким куноолуу билбейм
+2
aizatka87d
2018-03-09 11:59:15
Ар ким оз каалоосу менен тийип жатат да
-1
Taalaibek92929
2018-03-10 11:02:05
Кээбир кыздар чындап эле акылы аз болот турбайбы, ачык эле соз да кытай иши буткондон кийин кетет кытайга, анан аял калат кыйраткансып кытайды кобойтконго салым коштум деп. Ошо кыздар деле тушунуп эле турат акчасына азгырылып ататта.
0
kansuluu
2018-03-10 11:31:18
Кайсы элдин аялы жудоонку болсо,куноону ошол элдин эркегине кой!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан