Кыргыз өлкөсүндө туулган Вероника Инкико Орусиянын "Голос. Дети" сынагынын тандоо турунан өттү

Кыргыз өлкөсүндө туулган Вероника Инкико Орусияда өтүп жаткан "Голос. Дети" Эл аралык сынагынын тандоо турунан өттү. Тандоо туру 7-мартта Орусиянын 1-каналында калыстардын баасы менен аныкталган.

Ал британиялык ырчы Дуа Липанын "Blow Your Mind" аталышындагы чыгармасын аткарган. Бир аздан соң калыстар тобунун мүчөлөрү Валерий Меладзе, Пелагея, Баста үчөө тең сахнага бурулуп, жаш аткаруучуну колдой тургандарын билдиришкен. Инкико өзүнө устат катары Пелагеяны тандаган.

Кошумчалай кетсек, Вероника Инкико 13 жашта. Учурда Италиядагы Монте-Кастелло шаарында жашайт. Атасы италиялык болгону менен апасы Кыргыз өлкөсүндө төрөлүп, өскөн.

Ал 2016-жылы Москва шаарында өткөн "Балдар жаңы толкуну-2016" ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып, финалга чыккан.

"Голос дети": Вероника Инкико - "Blow Your Mind"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KRIMINAL
2018-03-09 14:05:34
Жээним ийгилик)
+4
Azamatisatoroev
2018-03-09 21:49:59
Жээн болобу бизге :)
+2
HAKER-KG
2018-03-11 18:43:42
Бизге алакасы жок экен видону толук корсонор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан