super.kg logo

Ноокаттагы бала бакчаны курууда мамлекетке 779 миң сом зыян келтирилген деп кылмыш иши козголду

 

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук прокуратурасы Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын курулуш иши боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарланды.

Маалыматка ылайык, Исанов айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилерди курууга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында айыл өкмөттүн айрым кызмат адамдары "Н.С" деп аталган ишкана менен өз ара сүйлөшүп, Байыш айылындагы бала бакчанын капиталдык курулушу боюнча аткарылбаган иштерди аткарылды деп жасалма документтерди жасашканы аныкталган.

"Натыйжада айыл өкмөтү бакчанын имаратын 2 миллион 795 миң сомго курулду деп балансына өткөрүп алган. Мындай жол менен мамлекетке 779 миң сом зыян келтирилген. Прокуратура Исанов айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине жана "Н.С." ишканасынын жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу), 221-беренеси (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы), 315-беренеси (Кызматтык жасалмалоо) менен иш козгогон. Учурда тергөө-иликтөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
11.03.2018. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
14-10-2019 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germany
+3
Ооо эми кусат екенда арам акчаларын...
11.03.2018. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
10-10-2019 13:27
Жынысы:
Белгисиз
+4
Камагыла ооруп кала электе
11.03.2018. 12:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
14-10-2019 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ууру тойгончо жеп, олгончо карганат. Ууру уурулугун койсо да, "ууру" аты калбайт.
11.03.2018. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1674
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
14-10-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол акчаны толотуп,анан камагыла бул жегичтерди
11.03.2018. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
14-02-2017
Соӊку аракети:
11-07-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан ушуларга окшогондордун себебинен онукпой жатат катуурак чара коруп башкаларга сабак болотурган кылыш керек коп коп текшериш керек
11.03.2018. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-02-2018
Соӊку аракети:
09-06-2018 11:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы кобуроок жегиле Азаматтар
11.03.2018. 19:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
301
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
14-10-2019 17:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга жон эле иш козгоп койбой жеген акчасын 2 эсе толотуп карыздарыбыздан кутулуш керек
12.03.2018. 01:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
22-01-2018
Соӊку аракети:
21-11-2018 14:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокат что-то хит боло баштадыбы жегендер да зордуктоо уурулук да ноокатта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132350;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: