Непалда аэропортко конууга даярданып жаткан учак кырсыкка учурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, US-Bangla Airlines компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак Бангладеш өлкөсүнүн Дакка шаарынан чыгып Непал өлкөсүнүн борбору Катманду шаарына конмок. Трибхуван эл аралык аэропортуна конуу үчүн жерге жакындаган мезгилде учак аэродромго жетпей жерге кулап, күйүп кеткен.
Учактын ичинде жалпы 71 адам болгон. Күйүп жаткан учактан 25 адам куткарылып ооруканага жеткирилген, ал эми 8 адамдын жансыз денеси табылган. Азыркы мезгилде куткаруу иштери уланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыкка техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон.