Депутат: "ЖЭБде 128 видеобайкоочу камера орнотулган, ар бирине 14,5 миң доллардан жумшалды"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи чуусунун парламентте көтөрүлүшү (218 материал)

Бишкек жылуулук электр борборундагы видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаты, ЖЭБдеги жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБди оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө жумшалган чоң суммадагы акча каражаты коромжу болуп кеткен.

"Сатып алынган 128 камера ЖЭБдеги жаңы салынган блоктун тегерек четине орнотула турган камералар болгон. Ошол камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан кеткен, жалпысынан 1 миллион 800 миң доллар жумшалган. Бул деген чектен ашкандык. Мисалы, Жогорку Кеңеште орнотулган түз алып берүүчү эң жогорку сапаттагы камералар 3 миң доллардан алынган, ал эми ЖЭБде орнотулган камераларды биз көрдүк, кадимки эле эл колдонгон баасы 100 доллардын тегерегинде турган камералар.

Дагы бир "административдик чыгым" деген нерсе бар, бул жетекчилик тарап колдонгон, коноктор келгенде тосконго, сапарларга учканда колдонулуучу каражат. Ушул чыгымдарга 19 миллион доллар коротулган, керек болсо ушул чыгымдардын да эсеби жок. Депутаттык комиссия ушуга окшогон маселелер боюнча активдүү иштеп жатабыз, бир айдын ичинде бардык маселелер иликтенип бүтөт", - дейт Жамангулов.

Эске салсак, буга чейин Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталып, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилерине уурулук боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жана "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков УКМК тарабынан камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан