Кытайлык 25 жаштагы Фу Сюэвей аттуу бийкеч үлпөт көйнөк кийип, 87 жаштагы чоң атасы менен фотосессия жасады. Ал чоң атасынын көзү тирүүсүндө сүрөткө түшүп, эстелик калтыргысы келгендиктен улам ушул кадамга барганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Фу Сюэвейдин чоң атасы өткөн жылдын күз мезгилинде эки ирет инсульт алган. Ошондо дарыгерлер "өлөрү калды, өсөрү калган жок, узатууга даярдана бергиле" деген. Мындан улам Сюэвей турмушка чыкканга чейин чоң атам бул дүйнөдөн өтүп кетет деп чочулап, алдын ала үлпөт көйнөгүн кийип, ак той стилиндеги фотосессия жасаган.
Фу Сюэвей: "Ал менин жашоомдогу эң маанилүү киши. Анткени ата-энем көп убактысын жумушка арнаган. Мени тарбиялоону чоң атам менен чоң энем колго алышкан. Алар менин жакшылыгыма күбө болушун каалайм. Азырынча турмушка чыгуу ниетим жок. Ошондуктан жакшылыгымдын бир ирмемин азыр көрсөткүм келди. Келечекте менин балдарым да чоң атамдын жүзүн таанып жүрүшүн каалайм", - деп айткан.
Ошондой эле Сюэвей чоң атасынын портретин колуна татуировка кылып жасаткан.