"Неберемди өгөй апасы урган эмес, ага 100 пайыз ишенем", - деди Бишкекте сабалган 8 жаштагы кыздын чоң энеси Гүлайым Абдыкеримова SUPER.KG порталына.
Анын айтымында, келини секелек кызга кол көтөргөн эмес, аны бир тууган агасы ур-токмокко алган.
"Келинимдин бала сабай турган түрү жок. Эгер ал ура турган болсо буга чейин эле анын агасын сабамак да. Неберем өзү тентек. Буга чейин келиним чалып: "Апа, мен ооруканага кетсем неберелериңиз чатакташып агасы карындашын сабап салыптыр" деп айтып жүргөн. Кечээ да келиним ооруп ооруканада жатса агасы карындашын дагы сабап салыптыр. Ал эми өзүнүн апасы кайда жүргөнүн билбейбиз. Көп жыл болду "балдарды бак" деп уулума таштап кеткен бойдон бир да жолу кабар алган эмес. Бул келинимдин мынчалык сабаганына ишенбейм, бир жолу мага кыздар чалып келиниңиз небереңизди сабап жатат дешкен, көрсө анда небере кызым дүкөндөн торт уурдап алган экен, кийин коңшусунун машинасын чийип салыптыр", - дейт Абдыкеримова.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 8 жаштагы кыздын сабалганы кабарланган. Кыз видеодо аны өгөй апасы чөмүч менен башына койгулап урганын, кийин отургуч менен сабаганын айтып берген. Ал нан уурдап жеген учурда ага үйүндөгүлөр тамак бербей коюшарын кошумчалаган.