"Депутат болуш үчүн партиянын тизмесинин 1-оруну 20 миң доллардан 1 миллион долларга чейин сатылат" дейт экс-депутат

Шайлоо учурунда партиялардын тизмеси талапкерлердин берген акчасына карата түзүлөт. Мындай ойду бүгүн, 14-мартта шайлоо маселесине арналган тегерек столдо "Аалам" партиясынын тең төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун алдындагы үгүт иштеринде жер-жерлерде көрнөк-жарнактар илинбеши керек.

"Шайлоонун өтүшү 3 бөлүктөн турат эмеспи. Үгүт мезгили, шайлоо күнү, анан добуштарды эсептөө. Ушул 3 бөлүктү мыйзамдын негизинде калыпка келтирели деген ойдо учурда бир нече саясатчылар биригип, долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.

Биринчиден, үгүт иштери башталгандан бүткүчө талапкер туурасындагы көрнөк-жарнактар илинбеш керек. Анын ордуна талапкерлер радио-теледебаттарга катышат же гезит аркылуу программасын элге тааныштырат. Экинчиден, мамлекет талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп, элди чогултуп берет. Жеке чогултуу болбойт. Үчүнчүдөн, жеке акча ойнотулбай талапкер тууралуу теле-радиолордон баарына бирдей жарнамалар берилсин. Муну менен биз саясаттагы коррупцияны жок кылабыз.

Акчалуулардын жарнактары жайнап, акчага добуш сатып алып элдин да ыйманын бузуп жатат. Жеке акча ойногондо, албетте, базаркомдор, жеке ишкерлер, байлар өзүнүн чөнтөгүндөгү акчаны элге берип, кийин бийликке келгенде кайра чогултуп алышат экен. Саясатты саясатчылар, жеке ишкерлер соодасын кылыш керек. Мисалы, лидер партиялар ар бир орунду сатышат. 60-орундан 1-орунга жылыш үчүн 20 миң доллардан миллион долларга чейин беришет. Биз аны көрдүк, бул чындык", - дейт Жолдошева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан