Саналуу мүнөттөрдөн кийин SUPER.KG порталынын Түз эфиринде "Тамашоунун" "No name" жана "Универсал" командаларынын маеги башталат.
Күлкү жаратуучуларга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде "Универсал" жана "No name" командасынын жигиттери маек төрүбүздөн орун алмакчы.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:09. "Универсал" жана "No name" командаларынын жигиттери ойготкуч суроолорго жооп беришти.
Жигиттер туулуп-өскөн жери, окуучулук күндөрү, бир туугандары, үй-бүлөсү тууралуу учкай кеп кылып өтүштү.
15:11. Жигиттер "Тамашоуго" кантип келип калгандыгы тууралуу айтып беришти.
15:15. "Эртеңки оюндагы негизги атаандаштарыбыздын бири "Универсал" командасы", - дейт Мурат Жалиев.
15:18. "Универсал" командасына "тамашаларды кайдан аласыңар?" деген суроо келди.
"Базардан арзан алып, күйөрмандарга эки эсе кымбат сатабыз".
15:20. Мырзалар "Тамашоунун" кадыры кетпегенин, болгону күйөрмандардын алмашканын айтышты.
15:24. Жигиттерге парз болгон бак отургузуу, үй куруу жана балалуу болуу деген милдетти кимиси аткарды деген суроо күйөрмандары тарабынан келди. Бул суроого мырзалар тамаша аралаш жооп беришти.
15:26. Мурат Жалиев: "Тойдон каражат таап жатабыз. 30 сомдон 70 сомго чейин алып барабыз" деп тамашалуу жооп кылды.
15:28. Өзүңөрдү өнүктүрүү үчүн жаңылык, китеп окуйсуңарбы?
"Китептен башкасын окуйбуз".
15:29. "No name" командасынын жигиттерине "жылдыз болуп кеткенсиңерби?" деген суроо берилди.
"Жылдыз болгон жокпуз деп танбайм. Сырттан көрүнөт да. Бул сыныңызды туура кабыл алабыз".
15:31. Күлкү жаратуучулар "Супер-Инфо" гезитине жана SUPER.KG порталына чет өлкөгө барып келүүгө мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.
15:34. "Мурат Жалиев өкүл атам, бардык жактан кеп-кеңештерин берип турат" дейт Калыбек Турдубаев.
15:38. Жигиттер "Тамашоунун" кубогун жеңип алгандагы алгачкы, кызыктуу окуялары тууралуу эстеп өтүштү.
15:41. Тамашоучулар кыз берүүчү тарап менен кыз алуучу тараптын ортосундагы макулдашуу боюнча тамашалуу сценка аткарышты. Алар алып баруучу даярдап койгон сөздөрдү кураштырып, той тууралуу сүйлөштү.
15:45. Кайрат Нуртас силерди эмнеге алып баруучу кылып дайындайт?
"Кайрат Нуртастын Москвадагы күйөрмандары кыргыздар, уюштуруучулар дагы кыргыз балдары болгондуктан бизди тандады", - дейт Кадыр Жарматов.
15:49. "Универсал" командасынын Москвадагы күйөрмандары Орусияга келип концерт коюп кетүүсүн суранды.
Мурат Жалиев: "Чыгармачыл топко кайрылат элем, гастролго барууну азайтсак. Аэропорттон тамашага салып "ырчылар тажаттыңар го" дегендер болду".
15:53. "Универсал" командасы эртеңки оюнда жеңишке жетишсе, команданын жеке концертин өткөрөрүн билдирди.
15:55. Жигиттер "Тамашоуго" келгенге чейин кандай иштерди жасаганын айтып өтүштү.
15:58. Лотерея уюштуруп, элди алдап, кызылдай акча жасадыңар деген суроону узаткан колдонуучуга Мурат Жалиев агынан жарыла жооп берди.
"Биз ал жерде уюштуруучулардын суранычы менен алып баруучу болгонбуз. Лотереяны биз уюштурган жокпуз".
16:03. Мурат Жалиев улуттук улак тартуу оюнуна кызыгарын, бирок тажрыйбалуу улакчы эмес экенин билдирди. Ошондой эле куудул Тынар Курбаналиев күлүк тартуулаганын, ал тулпар бир топ байгелерди алып келгенин эфирден айтып өттү.
16:10. Тамашоучуларга бөлүнгөн эфир аягына чыгып, жигиттер жалпы кыргыз элине бакубат жашоо каалоо менен өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдиришти.