Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелди Германиянын Федералдык канцлери болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелди Германиянын Федералдык канцлери болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Сизди Германиянын Федералдык канцлери болуп кайрадан шайланышыңыз менен куттуктайм. Кыргыз мамлекети менен Германиянын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып сизге бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат президенттин куттуктоо телеграммасында.

Эске салсак, Ангела Меркель 14-мартта Германиянын парламентиндеги 688 депутаттын ичинен 364 депутат колдоп, төртүнчү жолу Германиянын канцлери болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан