Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга чет элдик журналисттерди каттай баштады. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматта жазылгандай, ушул жылдын сентябрь айында өтө турган Көчмөндөр оюндарын чагылдыра турган чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ТИМдин веб-сайтына катталып, анкета толтуруп, паспортунун көчүрмөсүн жана сүрөтүн accreditation2018WNG@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.
"Алдын ала каттоодон өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө министрлик тарабынан ар бирине каттоо карталары берилет. Катталгандыгы тууралуу карталар журналисттерге 20-августтан 27-августка чейин берилет. Алдын ала катталбаган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү оюндар өтүп жаткан жерге киргизилбейт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле анда Көчмөндөр оюндарын чагылдыруучу чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катталуу үчүн билдирүүсүн бүгүндөн баштап 15-августка чейин жөнөтүшсө боло тургандыгы белгиленген.