Кытай кыргыз жарандарына берилүүчү визалардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Сяо Цинхуа журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.
Элчинин айтуусуна караганда, кыргыз жарандарына Кытайга кирүү үчүн 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 45 пайызга көп виза ачылган.
"Кыргыз-Кытай мамилеси убакыт менен сыналган. Биз мамилелердин мындан ары өнүгүүсүн колдойбуз. Кытайга барып окуйм, билим алам деген студенттердин бар экенине биз кубанычтабыз. Албетте, кээ бир эрежелер бар, ошолорду сактоо жолу менен Кыргыз жарандарына берилүүчү визалардын саны көбөйөт", - дейт элчи.