Бишкек-Ош унаа жолунда унаалардын бардык түрлөрү үчүн түнкүсүн үч күнгө чектөө киргизилет. Мындай маалыматты 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Маалым болгондой, чектөө кар көчкү түшүү коркунучунан улам киргизилүүдө.
"Аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу Бишкек-Ош жолунда кар көчкү коркунучу пайда болду. Буга байланыштуу 17-20-март күндөрү саат 21:00дөн 06:00гө чейин унаа жолундагы "Сосновка", "Арал" жана "Өтмөк" посттору жабылат. Ошондуктан айдоочуларды түнкүсүн жолго чыкпоону өтүнөбүз", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, 13-мартта Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна 2,5 миллион метр куб кар көчкү түшүп, каттам жабылган болчу. Кар көчкү үч күн бою тазаланып, жол 16-март күнү кечке жуук ачылган.