Министрлик: "Өзгөндө салатка уулангандардын абалы жакшырууда"

Ош облусунун Өзгөн районунда тамактан уулангандардын абалы жакшырып келе жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координаторы Элмира Нарматова кабарлады.

"Тамактан уулангандардын абалы жакшы, жылыштар бар, уулангандардын ичинен бешөө ооруканадан чыгарылды. Ош шаардык инфекциялык балдар ооруканасындагы жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдар да жакшы, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып, өз алдынча дем алууда, бирок түтүктүн жардамы менен тамактандырылып жатат. 4 бала дарыгерлердин толук көзөмөлүндө, азырынча ооруканадан чыгарылбайт. Ал эми калган эки бала жакында үйүнө чыгарылат.

Чоң кишилер боюнча айтсам, жандандыруу бөлүмүндө жаткан адамдын абалы азыр дурус, инфекция бөлүмүнө которулду. Бардыгынын абалы жакшырып келе жатат, убагы менен ар бирин жакында ооруканадан чыгарабыз", - деп кабарлады Нарматова.

Эске салсак, 13-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда 17 адам үй шартында даярдалган салатка ууланып ооруканага түшкөн, алардын алтоо жаш балдар экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан