Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахмановдун айтуусуна караганда, 20-21-мартта Бишкек ШИИББинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Ал эми Нооруз күнү "Ала-Тоо" аянты, эс алуучу жайлар, сейил бактар жана элдер көп жайгашкан аймактар катуу көзөмөлдөнөт.
"Өздүк курамды саптык кароодон өткөрүүнүн эң негизги максаты - коомдук коопсуздукту сактоо. Ошондой эле кылмыштуулука жол бербөө. Майрам күндөрү жарандарыбыз, борбор калаанын тургундары өзүлөрүн коопсуз сезүүсү үчүн 20-21-мартта күчөтүлгөн тартипке өтүп жатабыз", - дейт Рахманов.