Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2007-жылдагы шайлоо учурундагы мыйзамсыз иштери үчүн күнөөлөнүп кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Николя Саркозинин шайлоо учурундагы үгүт иштерине Ливия бийлиги каржылык көмөк көрсөткөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш иши козголуп, соттук иш башталган. 20-март күнү Саркози суракка чакырылып камакка алынды.