КҮНСЕРЕП: Тыныгуу бүттү. Атамбаев саясий майданга кайтат

Бүгүн, 20-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламентте КСДП фракциясы чукул жыйынга чогулуп, "Форумдан" партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов келип катышты. Жыйынга журналисттер катыштырылбай, аягында депутаттар 31-мартта КСДПнын курултайын өткөрүү маселеси талкууланганын билдирүү менен чектелишти.

2017-жылы Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин социал-демократтар партиясын келерки парламенттик шайлоого даярдай турганын, шайлоого КСДПны өзү жетектеп барышы мүмкүн экенин айткан. КСДП курултай өткөрүп, анда партия төрагалыгына Алмазбек Атамбаевди бекитүү маселеси каралары ушул жылдын башынан бери сөз болуп, бирок так күнү айтылбай келе жаткан. Алдыда 7-апрель. Бул төңкөрүштүн урматына КСДПнын штабы жайгашкан көчө 7-Апрель деп аталды. Президенттик кызматты тапшыргандан бери коомчулукка көрүнбөй жүргөн экс-президент Апрель төңкөрүшүнүн 8 жылдыгынан алдын партиясына расмий кайтканы турат. Демек, саясий жазды Алмазбек Атамбаев өзү баштап бермекчиби? КСДПнын 31-мартта өтө турган курултайы келерки парламенттик шайлоого старт бериши да мүмкүн...

Билим берүү жана илим министрлиги студенттерди Бишкекте 17-мартта 2002-жылкы Аксы окуясын эскерүү митингине жибергенин ырастады. "Айкөл Ала-Тоо" бирикмеси студенттерди жөнөтүү сунушу менен кайрылган, биз Аксы окуясынын тарыхтагы маанисин эске алып, сунушту колдодук", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.

Интернет желесине бул министрликтин атынан жазылган расмий документтин сүрөтү тарап, кызуу талкууланып жатат. Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобековдун колу коюлган документте 2018-жылдын 17-мартында Аксы окуясын эскерүү жыйынына Бишкектеги 4 жогорку окуу жай: Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик университети, Бишкек гуманитардык университети жана Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университети ар бири 70тен студент жөнөтүшү керектиги жазылат. Интернет колдонуучулары "Айкөл Ала-Тоо" митингдерин студенттерди буйрук менен алып келдирип өткөрөбү?" деген суроону берип жатышат. Негизи жолугушууларга, расмий иш-чараларга студенттерди жана мектеп окуучуларын мажбурлап катыштырып, жасалма атмосфера түзүү Акаев заманынан бери келе жаткан көрүнүш. 2015-жылы Ошто ал кездеги премьер Темир Сариевди ысыкта 2,5 саат күткөн окуучулардын бири эстен танып кулаган окуядан кийин өлкөдө мектеп окуучуларын расмий жетекчилерди тосуу үчүн катыштырууга тыюу салынган. Ал эми студенттер, өзгөчө бюджеттик негизде окугандар экзамендерде маселе жаралбашы үчүн жогорудагыдай "буйруктарга" баш ийүүгө мажбур болушат, көбүнчөсү шайлоолордо.

17-мартта Аксы окуясын эскерүү митингин экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жетектеген "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси уюштурган. Анда Мискенбаев бирикменин атынан деп учурда өлкөнү жетектеп тургандарга бир нече талаптарды айтты, алардын бири "үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербөө үчүн Жогорку Кеӊештин депутаты Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек" деген талап болду. Депутаттык курам алсыз болгонуна карабай, Жогорку Кеӊеш - өлкөдөгү бийликти президент менен премьердин ортосунда тең салмактап турган маанилүү орган. Кыргыз өлкөсү бет алган багыт боюнча келечекте ал өлкөнүн тагдырын чечүүчү негизги орунга чыгышы керек.

Экс-спикер, учурда КСДП фракциясынын катардагы депутаты Асылбек Жээнбеков президенттин парламентке таасирин камсыздай турган салмактуу фигурага айланып баратканы "Айкөл Ала-Тоо" өңдүү Апрель революциясынан кийин түзүлүп, Алмазбек Атамбаевдин канатында калкаланып жүргөн бирикмелердин кайрылууларынан байкалып жатат. Эксперттер президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен чыгып кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин, соңку окуялар дал ушундай өңүттө өнүгүп бара жатканын айтышууда. Асылбек Жээнбеков агасы президенттик кызматка киришкен маалда Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын тапшырса, кеп башка болмок. Азыр ал өз эрки менен мандаттан баш тартып кетүүсү күмөн. Бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында Асылбек Жээнбеков экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди провокатор атап, депутаттык мандатты эл бергенин, эл гана тартып ала аларын айтты. Депутат Жээнбеков президент агасынын ишине эч качан кийлигишпей турганын, Акаев менен Бакиевдин тагдыры Кыргызга сабак болушу керектигин эскертти. Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсүнүн тарыхы элге эмес, учурда бийликте турган Жээнбековдун үй-бүлөсүнө сабак болушу керек...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан