Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын чукул жыйыны өтүүдө. Ага журналисттер киргизилген жок.
Жыйынга президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов келди. Фракция мүчөлөрү бул жыйында кандай маселелер карала турганын билбестигин айтышты.
Айта кетсек, Фарид Ниязов социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары, ал эми төраганын орду Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайлангандан бери бош.