super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Америкалык актриса жана продюсер Риз Уизерспун 42 жашка чыкты

 

Америкалык актриса Риз Уизерспун 1976-жылы 22-мартта АКШнын Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаарында туулган. Ага атактуулукту "Мыйзамдагы блондинка" тасмасындагы ролу алып келип, ал ролу үчүн "Алтын глобуска" көрсөтүлгөн. Ал эми "Сызыкты басып өтүү" тасмасында талантын дагы бир ирет тастыктап, ал үчүн "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына ээ болгон.

Актриса карьерасын 1991-жылы "Айдагы адам" тасмасына тартылуу менен баштаган. Андан соң бир канча фильмдерге тартылганына карабастан, ал ролдору элге анчейин сиңген эмес. Чыныгы атактуулукка "Мыйзамдагы блондинка" тасмасына тартылган соң гана жеткен. Андагы ролу үчүн 1 миллион доллар гонорар алып, "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал эми 2003-жылы аталган тасманын экинчи бөлүгү тартылып, Уизерспун анда роль гана жаратпастан, продюсерлик да кылган. Ал үчүн 15 миллион доллар гонорарга ээ болгон.

Андан соң "Сызыкты басып өтүү", "Пенелопа", "Асман менен жердин ортосунда" жана башка бир топ кинолорго тартылып, айрым тасмаларга продюсерлик да кылган.

Актриса балдары менен

Актриса 1999-жылы белгилүү актёр Райан Филлиппке турмушка чыгат. Экөө 1 кыз, 1 уулдуу болгон соң 2008-жылы ажырашып кетишет. 2011-жылдан тартып Жим Тот аттуу мырза менен бирге түтүн булатып келишет. Жубайлар 1 уулдуу болушкан.

Риз Уизерспун тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Актрисанын өз аты - Лаура. Ал карьерасын баштап жатканда Риз деген ат менен таанылууну туура көргөн;
  • Китеп окууга абдан кызыгат. Дал ушул себептен улам жогорку окуу жайдын англис адабияты бөлүмүнө тапшырган. Бирок актёрлукка аралашып кеткендиктен, окуусун аяктай албай калган;
  • Шейшептерди коллекциялайт;
  • Учурда бир тасмага тартылуу үчүн болжол менен 15-20 миллион доллар гонорар алат;
  • Иттерди жакшы көрөт. Учурда бульдог породасындагы 2 ити бар.

22-марттын жылнаамасы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.03.2018. 21:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
27-08-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Между небом и землей...класс
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: