Канатбек Бегалиев: "Кыргыздын ар бир жигити намыскөй экенин билем. Кубанганымдан эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алдым"

21-мартта "Аккула" ат майданында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык оюнунда Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы беттешкен. Кыл чайнашкан беттеште "Ынтымак" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Беттештен соң социалдык тармактарда Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, балбан Канатбек Бегалиевдин "Ынтымак" командасын куттуктап айткан сөздөрүнүн видеосу тарап, ал интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынган. Мындан улам 22-мартта спортчу SUPER.KG порталынын кеңсесине баш багып, элге кайрылуу жасады.

"21-мартта баарыбыз кызыктуу беттешке күбө болдук. Анда күчтүү команда жеңишке жетти. Мени аксакалдар атайын "Ынтымак" командасын куттуктоо үчүн чакырышкан эле. Ал жерде сүйлөп жатып, кубанганымдан эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алдым. Мен Кыргыздын ар бир мырзасы намыскөй экенин билем. Ар бир аймактан белгилүү, намыска жараган спортчулар чыккан. Ошол себептен жалпы Кыргыз элинен кечирим сурайм", - деди Бегалиев.

Белгилей кетсек, коомчулукка тараган видеодо, балбан "Мен баса белгилеп айта кетерим, бүгүнкү күн - бул тарых. Бул 10 жылдан кийин, 20 жылдан кийин дагы айтылып кала берчү күн. Бул күндү ушул жигиттердин (көк бөрүчүлөрдү көрсөтүп), эр-азаматтардын балдары да айтып жүрөт. Бардыгыңарды куттуктайм, урматтуу күйөрмандар. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем, спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун", - деген.


кошулду
Көк бөрүдөн кийинки пикири үчүн балбан Канатбек Бегалиев кыргыз элинен кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (125)
gordaya
2018-03-23 09:28:58
Канат Бегалиев биз сени колдойбуз, тем более жалгыз сыймыгыбызсын, туура эмес суйлопсун, бирок кечирдик.
-7
gordaya
2018-03-23 09:30:36
Калган облустар да эми намыстанып, олимпиада чемпиону болгула, баарынарды колдойбуз, ич ара тытышпай, олимпиада чемпиону болгонго тилектешмин, биздин гимн деле жанырса сонун болмок, жарашмак

-1
jbolotov
2018-03-23 10:02:27
Ото аз элбиз, анан региондорго болунуу кем акылдуулук, алысты корбогон адамдар болунуп жарылганды жакшы корушот. Мисалга Токиодо эле 26млн адам жашайт экен, Кыргызстан 6 млн, анын жарымы Россия Казакстанда, калганы башка улуттар. Бир ууч Кыргызбыз чынында.
+9
gordaya
2018-03-23 10:31:57
Кыргыз тарыхынан канча эле окуп жатабыз, чон чон мамлекеттердин жок болушунун себеби ички болунуу, бироо басып алып жок жок болгон мамлекеттер аз чынында, андайлар кайра бутуна туруп(ынтымагы болгон учун)кайра оч алышкан, чынында туура эмес суйлогон, бирок жаманын жашырып, жакшысын ашырып деле койсо болмок, канткен менен олимпиада чемпиону го, анын олимпиада жениши жалпы кыргыздыкы эле го, эми бул жеке оюм да
+2
meni_kut
2018-03-23 11:37:12
Трайбалист!Сени эми спортсмендер да сыйлабайт.
+6
umar.kgz
2018-03-23 11:40:26
Кыргыз элинин намысын талас коргой албайт
+5
Nendi15
2018-03-23 11:43:03
Канат сага наалат,элди болуп жарууга сенин укугун жок. Бул деген спорт. Сага жооп кайтарган Манас Ниязовдун суйлогон созуно маани бер.
+8
verdant93
2018-03-23 13:44:19
Озум таластан болом , Бирок мен эч качан таластын патриотумун деп айткан эмесмин . Мен Кыргызстандын патриотумун!
+5
gordaya
2018-03-23 14:53:55
КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ
(Байдыкемди туурап.....)
Кайран элди ичинен ириткени,
Кайдан душман келерин билишпеди...
Ынтымакты,ырысты тебелешип,
Ыркырашты кыргыздын жигиттери.
(автору башка)
+1
cyrus
2018-03-23 15:21:17
Акыркы кундору ойлонбой суйлогондор кобойуп кетти
+3
Rubin
2018-03-23 15:48:15
2008-жылы олимпиадада француз балбанынан алилетсиз женилип калганда, оштук экениме карабай бакырып ыйлаган элем, таластык дер ойлогон эмес элем.
+6
miss2014
2018-03-23 17:43:25
Атамбаевдин доору болгондо кеттин эле ,ишин сотко отуп кетмек Сооронбай Шариповичке рахмат.
-2
Sexyilyaz85
2018-03-23 21:16:20
14-1ге женсенер олтурмокекенсинер анда. бийлик чара коробу мындай адамдарга.
-1
Boobek_5
2018-03-24 20:54:11
Эртең да Канат бир медал утуп келсе шайтандай болуп чыга каласыңар колдоп коштоп.Ар бир адам жаңылат.
+1
Farhat25
2018-03-25 03:09:35
Негизи жабык эшик артында баардыгы эле оз обласын мактайт. Ошол оштугун баткентигин колдугун.Просто бул эл алдында суйлоп коюптур эмне эле анча ызылдап атасынар билбейм. Бул болунбой эле силер болунуп олуп атасынарго. Албетте мен эч кандай бул Канатты колдоп суйлогонум жок. Анан мени да жеп баштабагыла.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан