Ноокатта 19 жаштагы кыз чогуу иштеген адамга бычак сайды. Ал ооруканага жетпей каза болду. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 18-март күнү Ноокат районундагы кафелердин биринде болгон.
"Кылмышка шектелип кармалган кыз Д.О. Ноокаттагы кафеде официант болуп иштеген. Ал эми жабырлануучу 23 жаштагы Т.Д. Мирмахмудов айылынын тургуну болгон. Ал жаран дагы кафеде самса жасап иштеген. Окуя болгон күнү кылмышка шектүү менен жабырлануучу жигиттин ортосунда пикир келишпестиктер чыккан. Мындан улам кыз жигиттин көкүрөгүнүн оң тушуна бычак сайган. Алган жаракаттарынан улам Т.Д. ооруканага жетпей каза болгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Бул окуя боюнча Ноокат РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектелип кармалган кыз убактылуу кармоочу жайына киргизилди.