Сатылганы жаткан “Караванда” иштегендер: “Биздин үнүбүздү президент укса дейбиз”

“Биздин үнүбүздү президент укса дейбиз” деп бүгүн, 22-мартта маалымат жыйынында “Караван” соода борборунда иштегендердин бири Алина Сулейманова кайрылды.

“Караван” соода борбору менчиктештирүү боюнча программага кирди. Бул имараттын эмне үчүн сатууга коюлуп жатканы түшүнүксүз. Бизге "бул соода борбору пайдалуу эмес" деген маалымат берип жатат, бирок андай эмес. Биз, “Караванда” иштегендер салык жана башка төлөмдөрдөн тышкары жылына мамлекетке 66 миллион сом төлөйбүз. Ай сайын 5 миллиондон көп каражат которобуз. Азыр бул жерди сатып жиберсе, бул каражаттын баары бир адамдын чөнтөгүнө түшөт. Бул жерде негизинен 90 пайыз аялдар иштейт. Ажырашып, жалгыз бой жашаган аялдар бар. Биз эки жолку революцияда абдан чоң зыян тартып, эми гана абалыбыз жакшырып келе жаткан. Айрымдардын кредиттери бар. Азыр имарат сатылып кетсе, алардын баары кайда барат? Биздин президент азыр бул окуялардан маалыматы жок. Биз суранабыз, өлкө башчыбыз бизди угуп, өз канатына алса”, - деди соодагер.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы "Караван" соода борбору 2017-жылы 25-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынган. Быйыл 16-мартта парламенттин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында "Караван" сатыла турганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akshumkar
2018-03-22 15:11:12
Сат сат сааааттттт
-1
Azatbek83
2018-03-22 15:18:35
Мактанып айтпады беле эки революцияны мен кылгам деп! Бул азыркы кишиңер досу болот жазуу түрүндө чечип койот иш жүзүндө унутулуп сатылып кетет!
0
Mirlan27011987
2018-03-22 15:36:53
Азыр бироонун кайгысына, бироо кайгырбаган заман болуп калды
-1
rysik79
2018-03-23 00:15:34
Каравандагылар тулеев менен бабановтун адамдары...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан