"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош мэриясы "Бостон" жана "Бексултан" базарларын көзөмөлгө алуу үчүн тиешелүү тараптарга тапшырма берилгендигин билдирди

"Ош шаарындагы "Бостон" жана "Бексултан" базарларынын ортосундагы өтмөк да базарга айланып кетти. Ал жердеги начар абал шаардын көркүн бузуп жатат", - деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасын билдирген. Анын билдирүүсүнө ылайык, ал жолдон адамдар өтө албай кыйналышат. Анткени соодагерлер товарларын жайып алышкан. Бул маселенин чоо-жайын билүү үчүн Ош шаардык мэриясынын Коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси Алтынбек Пирматов менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Оштогу "Бостон" жана "Бексултан" базарлары мамлекетке карабайт, жеке тараптардыкы. Ага карабастан, өткөн ишемби күнү базар башчыларын чогултуп, атайын ишембилик өткөргөнбүз. Ошондо аталган базарларды да тазалап, сатуу орундардын үстүндө салбырап турган кагаз, жабуулардын баарын алдырткан элек. Бирок эртеси күнү текшерсек, кайра эле ар ким өз тапканы менен жаап алыптыр. Сатуучулар муну күндөн коргонуу аракети экендигин айтышты. Эгер базарларды жоюу керектигин айтсак, соода менен күн кечирип жаткан элге кыйын болот. Базарларды башка жакка көчүрөлү десек, ылайыктуу орун жок. Ошентсе да ал жактагы абалды көзөмөлгө алууга тиешелүү жактарга тапшырма берилген", - деди ал.

Эске салсак, окурман "Эң эле кейигеним - соода орундардын үстүн ар кандай өңдөгү каражаттар менен жаап алышкан. Айрымдары айрылып, тытылып, салбырап турат. Мындай абал шаарда болбош керек, көптөгөн туристтердин Ош шаарын ушул абалда көрүшүнөн уялам", - деген билдирүү жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан