super.kg logo

Ким акча которуу же алуу үчүн "Бакай Банктан" 700 миң сом белек ута алат?

 

"Бакай Банк" ААКсы менен "Золотая Корона" системи жакынкы күндөрү “Белектер жылы” аталышындагы өзгөчөлөнгөн акцияны баштагандыгы тууралуу жарыялагандыгын эсиңиздерге салабыз. Ал эми 700 миң сом баш байгеси үчүн таймашка кимдер катыша ала тургандыгы тууралуу Бакай Банктын Маркетинг жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Улан Мухамедден билүүгө аракеттендик.

- Улан, иш-чаранын максаты тууралуу кеңири маалымат берсеңиз...

- Акция чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибизди колдоого алуу максатында ойлонуштурулган. Анткени, мигранттар жыл сайын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн көптөгөн суммаларды которуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Алар иштеп тапкан каражаттарын ар кандай акча которуу системдери аркылуу жөнөтүп турушат. Бул акция да ошол акча которуучуларга кошумча каржылык колдоо болуп саналат.

- Акцияга кимдер катыша алат?

- Бул иш-чарага жашы 18ден өткөн, "Золота Корона" системи боюнча акча которуп же алган Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны катыша алат. Акцияга катышуу үчүн которууларды “Бакай Банкы” ААКсынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан филиалдарынан жана аманат кассаларынан ишке ашыруу зарыл. Акция 2018-жылдын 1-мартынан 15-декабрга чейин өткөрүлөт. Иш-чара негизги жана үч аралык баскычта өткөрүлө тургандыгы да өзгөчө мааниге ээ. Негизги баскычы 2018-жылдын 1-мартынан 15-декабрга чейин, ал эми аралык баскычтар: 1-марттан 1-майга чейин - 1-баскыч, 1-майдан 31-августка чейин - 2-баскыч, ал эми 1-сентябрдан 15-декабрга чейин - 3-баскыч.

- Акцияга катышуу шарттары тууралуу маалымат берсеңиз?

- Акцияга катышууга ниеттенген жарандар "Бакай Банкынын" офистеринде ар кандай валюталарда: рубль, сом, доллар жана евродо "Золотая корона" системи боюнча акча которуп же алууга тийиш. Ар бир 5000 рубль/сом, 100 доллар/евро өлчөмүндө же андан ашкан суммада жөнөтүлгөн же алынган которууларга бирден упай чегерилет. Жыйынтыгында, акция өткөрүлгөн мезгил аралыгындагы упайлар чогуу эсептелинет. Чегерилген упайларды кимдир бирөөгө өткөрүп берүүгө болбойт. Негизги сыйлык 700 миң сом. Андан сырткары биринчи баскычта сыналгы, экинчисинде кир жуугуч машина, ал эми үчүнчүсүндө муздаткыч ойнотулат. Ошондой эле максималдуу упай топтогон катышуучуга ноутбук, чаң соргуч, смартфон, чайнек, үтүк, рower вank, суу чыпкасы, дубалга илинүүчү саат жана башка белектер тапшырылат.

- Жеңүүчүлөр кандайча аныкталат жана сыйлыктар кайсы учурда тапшырылат?

- Жеңүүчүлөр аралык жана негизги баскычтарда аныкталат. Мында эң оболу акча жөнөтүү жана алуу боюнча топтолгон упайлардын саны эске алынат. Ар бир аралык мезгил ичинде көбүрөөк акча которуп же алган катышуучу акциянын аралык баскычынын жеңүүчүсү болот. Ал эми негизги баскычта көп сандаган акча которууларды ишке ашырып же алган катышуучу негизги жеңүүчү катары таанылат. "Бакай Банк" ААКсынын бардык пункттарында акча жөнөтүп же алуу боюнча чегерилген упайларды суммалоо аркылуу жеңүүчү аныкталып, банктын башкы офисинде сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Которулган акчаны алып же акча которгон ар бир жаранга ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну сунуштайбыз, анткени акцияга катышып, анын жеңүүчүсү болуп калган жаран сезилерлик финансылык колдоого ээ болот!

* “Белектер жылы” өзгөчөлөнгөн акциясы тууралуу ырааттуу маалыматты 0312 61 00 61, 6111 телефондоруна чалып же банктын офисине кайрылып алууга болот.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.03.2018. 23:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
04-05-2018 02:12
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондо баягы эле акчасы коптор утат экен да.Себеби айына 100-200 миндеп тапкандар бар.Ошолор 2-3 жолу которсо эле калгандарына шанс жок.Мисалы мен 35 мин айлык алам.Квартира менен жеп ичкенден ашканы 20 аран калат.Бир жыл которгонум аран 240 мин болот экен.Андай сумманы эки айда бир которо тургандар бар да.
24.03.2018. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
652
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jarma,башынан сенин
24.03.2018. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
652
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jarma, карочи сен экообузго эмес экен
24.03.2018. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
04-03-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы экен эгер ушул жерде да коррупция ойнобосо кудай буйрса мен утам
24.03.2018. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
23-11-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага эле беришсе чоон жардам кылмак 5600.с пенсия алам инвалидность 1-чи группа кайра эле 3600.с кридитиме тогом бекер жатпай такси кылайын десем машинам бузулуп кайра 3.айдан бери 40.мин сом карызга баттым. кайакта дейсинер биз коздоруно корунбойбуз мындайда
24.03.2018. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо канча упай топтосо эмнелерди ала алат,ушул жагы түшүнүксүз го?
24.03.2018. 15:56 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+1
Соода кылып Бакай банк аркылуу акча которгон ири соодагер кызыл кулактар утат баягы эле.....

Карапайым эл калат. Калп болсо айткыла...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: