Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалими кафедра башчысынын отурум өткөрүүнүн ордуна, аспиранты менен кабинетте майрамдап отурганын видеого тартып алганын айтты. Бирок окутуучу атын атоодон баш тартты.
Мугалим SUPER.KG порталына билдиргендей, аспирант анын телефонун сындырган. Жыйынтыгында окутуучунун колунун эти үзүлүп, мээси чайкалган.
"Экономикадагы маалыматтар технологиясы кафедрасынын башчысынын иштеп жатканына бир жылдай убакыт болду. Ал келгенден бери эле ар кандай сөздөр менен мени басынтып, кемсинтип келет. Байкашымча, менин ордум аспиранттарына керек болуп жатат. Бул жерде иштегениме 14 жыл болду. 2 балам менен окуу жайдын жатаканасында жашайм. Азыркы кафедра башчысы келгенге чейин улук окутуучу болчумун, азыр жөн гана окутуучумун.
23-мартта отурум болмок, мугалимдер кафедрада күтүп отурсак кафедра башчысы улук окутуучу болуп иштеп жаткан аспиранты менен кабинетинде майрамдап, спирт ичимдигин ичип отурду. Мен анын бул кылыгын туура эмес көрдүм. Окуу жайда спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынган ректордун көрсөтмөсү бар. Деканды чакырттым, эшикти ачышпагандыктан күзөтчүлөрдү чакырттык. Алардын мас абалын видеого тартып алгам. Коридордо турсам аспиранты келип, башымды тамга ургулап, "видеону өчүр" деп колумду толгоп, телефонумду сындырып салды. Ошондо айла жок укук коргоо органына телефон чалдым. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылдым. Ооруканага көрүнсөм, дарыгерлер колуңдун эти үзүлгөн деп гипстешти. Мээм да чайкалыптыр, ооруканага жатышың керек деп жатышат.
Кафедра башчысы бир гана мага эмес, башка мугалимдерге да ушундай мамиле кылат. Бизди прокуратурадагы, өкмөттөгү тааныштары менен коркутат", - дейт окутуучу.
Аспирант менен байланышсак, "26-мартта жооп берем" деген пикирин билдирди. Ал эми кафедра башчысынын телефонуна жооп берген жаран ал азырынча байланышка чыкпай турганын айтты.