Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаардык сотунда өтүп жаткан соттук отурумда депутат Камчыбек Ташиев “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгуу негизги максаты болгонун айтты. “Биз максатыбызга жеттик”,- деди ал. Ошондой эле ал мамлекеттик айыптоочулар аларды камай алышпастыгын билдирди. “Бизди 10 жылга эмес, 3 айга да камай албайсыңар. Биздин күнөө далилденген жок”,- деди Ташиев мамлекеттик айыптоочуларга кайрылып жатып.