Өлкөдө соңку жумада 530 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалык тарабынан 19-марттан 25-мартка чейин республика аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын алкагында 20 миң 977 жолу жол эрежелерин бузуу катталган. Анын ичинен 530 айдоочу мас абалында кармалса, тийиштүү документи жок 460 айдоочу кармалган. Жогорку ылдамдыкта айдаганы үчүн 2 миң 905, ал эми 3 миң 878 айдоочу жол чийиндерине жана белгилерге баш ийбегендиги үчүн токтотулган.
Андан сырткары, дагы ар кандай жол эрежелерин сактабаган 11 миң 18 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 1 миң 118 унаа айып аянтчасына токтотулган.