ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: "Туулган күнүм чет өлкөдөн башталды" дейт 61 жашка чыккан Актан Арым Кубат

Кинорежиссёр Актан Арым Кубат бүгүн, 26-мартта 61 жашка чыкты. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Актан Арым Кубат 1957-жылы 26-мартта Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган.

"Туулган күнгө маани бербейм. "Кентавр" тасмасы 20-21-мартта Бельгияда, 22-23-мартта Голландияда көрсөтүлдү. Кинонун алкагында менин өмүр баяным менен таанышып калышты да, ошондон улам ал жактагылар алдын ала куттуктап жатышты. Чет жерге чыкканда такай үйүмдү сагынам. Азыр өз үйүмө келип, көңүлүм ток отурам. Балдарым, жоро-жолдоштор куттуктап жатышат. Кечинде балдарым менен чогулуп отурабыз. Андан ашык эч нерсе деле кылбайм. Былтыр "Кентавр" тасмасынын ачылышы туулган күнүмө туш келип, анын үстүнө 60 жашка чыккандыктан чоң той бергем", - дейт режиссёр.

Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргызфильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген. 1998-жылы өзүнүн "Бешкемпир" аттуу продакшн-студиясын түзүп, 2000-жылы "Ой-Арт" студиясынын арт-директору болот. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, улуттук киноакадемиянын академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын мүчөсү, ушул күнгө чейин коомдук иштерге активдүү катышып, киноискусство жаатында салым кошуп келе жатат.

26-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан