Бишкекке келе турган жаңы 52 троллейбустун бешөө алынып келди
Бишкекке келе турган жаңы 52 троллейбустун бешөө алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда борбор калаага жаңы 5 троллейбус келди, калган троллейбустар июнь айына чейин алып келинет. Аларды 23-мартта Орусиянын "Тролза" заводунан алып келишкен.
Эске салсак, Бишкекте 131 троллейбус бар. Күн сайын калаадагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 110 троллейбус иштейт.