Бишкектеги студенттердин жатаканасында пакистандыктар жашаган бөлмөгө кирип, аларды ур-токмокко алгандардын бири Чүй ОИИББинин СОБР кызматкери. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 25-мартта саат 23:50 чамасында укук коргоо кызматынын нөөмөт бөлүмүнө пакистандык жарандарга кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. "Ленин райондук РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, саат 19:30 чамасында пакистандык 3 жарандын бөлмөсүнө 2 белгисиз адам кирип келип, аларды ур-токмокко алып, колдоруна кишен кийгизишкен. Андан соң күч менен унаага салып, телефондорун, акчаларын тартып алганы белгилүү болгон. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучулардын бирин 2000 доллар таап келүү үчүн коё беришкен. Ал милиция кызматкерлерине телефон чалган.
Ыкчам иликтөө тобунун аракети менен 1990-жылы туулган Ш.Ж. жана 1995-жылы туулган Ч.Э. кылмышка шектүү катары кармалды. Бул факты боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Иликтөөнүн негизинде Ш.Ж. Чүй ОИИББинин СОБР кызматкери экени аныкталды", - дешти милициядан.