Роналду менен сүрөткө түшүү үчүн күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыгышты. Арасынан бирөө футболчуну өпкөнгө да жетишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 27-мартка караган түнү Португалия жана Нидерланды курама командаларынын достук беттеши болуп өткөн. Анда бир нече күйөрман оюн талаасына чуркап чыгышкан. Алардын бири сүрөткө түшүү үчүн португалиялык Криштиану Роналдуну көздөй чуркаган маалда, экинчи күйөрман Роналдуга чуркап келип аны кучактап бетинен өпкөнгө жетишкен. Ал учурда коопсуздук кызматкерлери калган күйөрмандарды токтотууга жетишип калган.
Бул беттеште Нидерланды курама командасы Португалияны 3:0 эсебинде утуп алган.