Ажайып кооздукка бөлөнгөн өлкө. Кытайда алча гүлдөдү

Адатта көпчүлүктүн жаз мезгилинде айлананы ажайып кооздукка бөлөгөн алчанын гүлдөшү тууралуу ойлору Япониядагы сакура менен байланыштуу. Бирок Кытайда да алчанын гүлдөгөн кези өзгөчө шаңга бөлөнгөн фестивалдар менен коштолуп, туристтер көз жоосун алган керемет көрүнүшкө күбө болуу үчүн атайын алыс жактардан келишет.

Юньнань провинциясындагы Куньмин зоопаркындагы "Гүлдөгөн алча" фестивалы 7-марттан 7-апрелге чейин өткөрүлөт. Аталган фестивалда 5 миңден ашуун алчанын жана алманын гүлдөгөн бактарын көрүүгө болот.

Ал эми Шанхайдагы "Гүлдөгөн алча" фестивалы 16-мартта башталып, 15-апрелге чейин Гукун сейил багында өтөт. Бул сейил багына келген жарандар 12 миңден ашуун гүлдөгөн алча бактарына күбө боло алышат.

Акыркы учурларда Түштүк Кореянын жалпыга маалымдоо каражаттары Корея сакуранын мекени экенин айтып чыгышкан.

Бирок Кытайдын алча бактары ассоциациясынын жетекчиси эки мамлекет тең жаңылып жаткандыгын билдирип, Япон монографиясында алча гүлү алгач Кытайдын Гималай тоолорунда пайда болгон деген маалымат бар экенин билдирген.

Эгерде сакура Японияда жаздын, сүйүүнүн, тазалыктын символу болсо, Кытайда аялзатынын сулуулугунун, күчүнүн символу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulike1994
2018-03-27 14:58:20
Ооо сонун жерге бирок туулуп оскон айылым мынданда кооз жер деп айтат элем
+3
orun
2018-03-28 15:03:43
Баткендеги орук тегиз гулдогон мезгилдеги кооздукту да чыгарып койсонуздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан