Түркияда аялдар чылым чегип, тең укуктуулук үчүн күрөшүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чылым чеккен аялдардын санынын көбөйүшү алар коомдо өзүнүн көз карандысыз экендигин көрсөткүсү келгендиги менен байланыштуу. Статистикага ылайык, Түркияда калктын 53 пайызы чылым чегет. Алардын 40 пайызы эркектер болсо 13 пайзы аялдар.
Адистердин айтымында, көпчүлүк аялдар жашоодогу ар кандай татаал окуялардан улам өзүн колго алып, эс алуу үчүн чылым чегип башташат.
"Чылым чекен аялдардын көпчүлүгүндө атайын эс алуучу жайларга барып көңүл ачып, эс алууга мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептен алар жеткиликтүү каражат болгон чылымды чегип эс алышат", - деп чылым чеккен аялдардын бири билдирген.
Ал эми үй-бүлөлүк психолог Бетуль Байкал Динктин айтымында, аялдардын көп пайызы алар эркектер менен тең укуктуу жана алардай эле күчтүү экенин көрсөтүү үчүн чылым чегишет.