Ош шаарында небересин сатууга аракет кылган аял үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-март күнү Ош шаардык соту тарабынан небересин сатууга аракет кылган аял үй камагына чыгарылды.
"Сурак учурунда М.Л. ымыркайды багууга эч кандай шарты жок экенин айткан. Небересин сатып, акчасын Орусияга жол кире кылып кетмек экен. Ал эми кызы ымыркайдын атасы белгисиз экенин айтып берди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Эске салсак, ушул жылдын 22-март күнү милиция тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда Ош шаарынын аймагында небересин 20 миң сомго сатып жаткан 59 жаштагы М.Л. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ымыркай дароо социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген. Ымыркайдын апасы Өзгөн районунун тургуну экени аныкталып, ал баланы багууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан.