super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш иши козголду

 

Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деп шектелүүдө. Сулайманов учурда тергөө иштери жүрүп жатканын айтты.

"Президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов жана Канат Исаев менен кармалган үч адам бийликти күч менен басып алууга даярданышкан. Азыр Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп козголду", - деди Сулайманов.

Белгилей кетсек, 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылган.

2017-жылдын 30-декабрында Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.


кошулду


Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш иши козголду

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: