Ош шаарындагы "Мээрим" эс алуу паркындагы ажаткана бузулуп, жаңыдан салынууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 29-мартта Ош шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын Жер тилкелерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Суюнбек Мамазаиров билдирди.
Анын айтуусуна караганда, учурда эски ажаткана бузулуп, жаңы имараттын куруу иштери башталды.
"Учурда эс алуу жайындагы ажаткананын дубалдары бузулду. Кайрадан жаңыланып салынат. Азыр аба ырайына байланыштуу куруу иштери кармалууда. Жаан-чачын токтосо эле дубалы тургузулуп, оңдоо иштери бүтөт жана шаар тургундары менен конокторуна талапка жооп берген ажаткана кызмат кыла баштайт", - дейт жетекчи.
Айта кетсек, буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу окурман Ош шаарындагы "Мээрим" эс алуу паркындагы ажаткананын абалы начар экенин билдирген. Ал эми аталган көйгөйдү чечүүгө тийиштүү жетекчилер 10 күндүн ичинде, тактап айтканда, 2-апрелге чейин чечилерин убадалаган.