Венесуэладагы түрмөлөрдүн биринен чыккан тополоң менен өрттүн кесепетинен 78 адамдын каза болгондугу айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-мартта катталган. Азырынча өрттүн себеби ачык айтылбаганы менен, жергиликтүү басылмалар күбөлөрдүн билдирүүлөрүнө таянып, абакта алгач ок атышуу болгонун, анын жыйынтыгы өрткө алып келгенин жазышкан. Ошондой эле түрмөдө отурган балдардын бири апасына телефон чалып, алар жаткан камерага бензин төгүп, өрттөп салууну көздөп жатышканын билдиргени айтылат. Учурда бул боюнча жергиликтүү бийлик эч кандай үн катпаганы менен, басылмалар тополоң менен өрттүн кесепетинен 78 адамдын курман болгондугун жазышууда. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 68 эркек камакта жаткандар болсо, 10 аял абактагы жакындарын көргөнү келгендер болгон. Ал жакта жалпысынан 100дөн ашуун адам камакта жаткан.