Балдарын кароосуз калтырган ата-энелердин жоопкерчилигин караш керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта акыйкатчы Кубат Оторбаев Акыйкатчы институтунун кароосуз калган жана мыйзам бузган балдардын укуктары боюнча жарыялаган баяндамасында билдирди.
Оторбаевдин айтымында, айыл жерлериндеги мигранттардын жана кароосуз калган балдардын абалын билүүгө мүмкүнчүлүк жок болууда.
"Биринчиден, ата-энелердин жоопкерчилигин карап, экинчиден, аймактардагы балдардын укуктарынын бузулуп жатканына көңүл бурушубуз керек. Айыл жериндеги андай балдардын абалын билүү үчүн жергиликтүү бийликтеги тийиштүү кызматкерлердин укугун кеңейтип, шарттар менен камсыздоо зарыл. Анткени адистердин жетишсиздиги аз келгенсип, шарттар жок. Мисалы, адистердин биринчи айылдан экинчи айылга баруусуна акчалары жок", - деди Оторбаев.
Мындан тышкары жергиликтүү бийликтин алдында балдардын укуктары менен иштөөчү атайын түзүм түзүү керектигин кошумчалады.
"Айыл жеринде оор шартта жашап жаткан балдарды аныктоонун өзү да жакшы жолго коюлган эмес. Биз аны балдар менен иштөөчү атайын түзүлгөн комиссияга өткөрүп бергенибиз менен комиссиянын өзү туруксуз болуп жатат. Анткени ага ар кайсы органдын өкүлдөрү киргендиктен бир айда бир же үч айда бир жолугушуп турушат. Ошондуктан комиссияны жоюп, анын ордуна жергиликтүү бийликтин алдында атайын ушул багытты тейлеп турчу түзүм ачышыбыз керек. Ал туруктуу иштеп, балдарды карап жаткандарга тарбия берүү же түшүндүрүү иштери менен алектенишет", - деп толуктады акыйкатчы.