Өзбек тарап Алай районундагы жайлоону ижарага алууну суранды

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш жайлоосунун жайытын Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси талкууланат. Мындай пикирин Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарыбашов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Маалыматка караганда, Фергана шаарында Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чектешкен облус жетекчилеринин кеңешинде Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов Алай районундагы Сары-Таш жайлоосунун жайытын ижарага алып, колдонуп туруу сунушун айткан.

Таалай Сарыбашовдун билдиришинче, Алай районундагы Сары-Таш жайлоосунун жайытын ижарага берүү маселесинде тийиштүү мекемелер менен талкуулангандан кийин гана бир чечим болорун, так жооп айтууга эрте экендигин билдирди.

Ошондой эле ал бул жайытты кыргыз тарап колдонбой келгенин жана Союз мезгилинде да аталган жайытты Өзбекстан ижарага алынып колдонуп келгенин баса белгиледи. Жайыт ижарага берилсе Алай районунун экономикалык деңгээли бир топ көтөрүлөрүн айтты Сарыбашов.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта Фергана шаарында Кыргыз мамлекетинин жана Өзбекстандын өкмөт жетекчилери жолугуп, эки тараптуу маселелерди талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (109)
Arlenchik
2018-03-30 20:12:22
ХХХХХХХХ ХХХХХХ нервке тийбей, эч кандай арендага жер берилбейт, аренда дегени болду сатылды деген соз, кайтарып алуу мумкун эмес, арендага жер берип экономиканы которбойле койгула, кысчу жеринерди кысып жер сатуу, беруу, дегенди токтоткула!
+9
Kanat21BEK
2018-03-30 20:46:09
Ош окуясын унутуп калды окшойт бийликтегилер, Алай которулсо Коконду кошо талкалап салаарына ишенемин журогу кыргыз деп соккон жигиттердин
+10
Baku88
2018-03-30 20:56:17
Мен бир нерсени айтып кетет элем Алайдан жерди эч ким талашпай эле койсун бул 10 жыл 20 жылдан кийин да кайталанып кала берет
+6
Baku88
2018-03-30 20:57:36
Өзбектер дагы бир нерсени көргөнү калган го Алайлыктардан
+7
zahid
2018-03-30 21:29:57
Soh anklabyn esteysinerbi ubagynda oshol jerdi da ijara dep ozdorunuku kylyp alyshty
+4
Pamirlan
2018-03-30 21:34:47
Мен каршымын. Сокени Сарбашев колдогон.олуп талып. Эмне учун биздин жерди берес. Алайлыктарга берин арендага
+4
Shef87
2018-03-30 21:44:15
Сарыбашев эсине кел элиндин назарынан калбай
+4
chyngyz-40
2018-03-30 21:55:06
Бизге да жакшы эл башчылар келип калаар сатылган жерлерди кайтып алып Кыргыз элиме кайтарып берер Алай эли деле карап турбаса керек
+5
Ferdews
2018-03-30 22:06:06
Бербеш керек!Берчу болсонор бирди коросунор@
+3
marlis06
2018-03-31 00:04:25
Сары-Таш айылынын жайыты, пайдаланбай турат деген жалган соз. Алай районунда 13-Айыл окмот болсо, 13-айыл окмоттун жошочуулары жайыт катары пайдаланып келет, андан сырткары. Кара-Суу районунун тургундары да жайытка. Сары-Таш айылына барат.
+4
Odik11
2018-03-31 00:30:28
Эми жайлоо менен сууну кыргыздардан талашпай эле койгула
+5
Kyialbek.89
2018-03-31 00:43:47
Аша гетеринде акча алып геткен окшойт да ошого бергиле деп атат да
+4
chikeusenov
2018-03-31 01:29:59
сарыбаштын озун бергиле арендага Эми митинг болсо капа болбогула силерди арендага бербей эле сататко элибиз
+4
portugalia
2018-03-31 12:36:47
Элди козгоп алып тынчтандыралбай журбогуло.Элдин назары жаман
+1
xnurgul_gul
2018-04-01 13:44:13
АША керек болсо Кыргызстандын баарын сатып жиберген уже эгер билсенер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан