КСДПнын катчылыгы: "Курултайга чакырылган адамдар кирбей калды деген калп"

"КСДПнын курултайына 4 адам келип кирбей калган деген маалымат жалган, бул чагым деп билдиребиз", - деп журналисттерге аталган партиянын катчылыгы билдирди.

Маалым болгондой, Ош облусунан жалпы чакырылган 20 делегат курултайга киргизилген. "Алардын баары кол коюшкан. Партиянын курултайына чакырылган адамдар кирбей калды деген калп”, - дешти катчылыктан.

Айта кетсек, бүгүн, 31-мартта КСДПнын курултайына аймактардан келген бир топ делегат киргизилген жок деп Ош облусунан келген КСДПнын мүчөсү Алишер Бакышев билдирген. Анын айтымында, алар 15тен ашык адамдын тизмеге кирбей калганын негиз кылып курултайга киргизбей коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
al-abu-kinesz
2018-03-31 14:55:30
Катчылык озу окурто калп айтып атканы сокурга да корунуп турбайбы?!
+18
wwwbaxa
2018-03-31 14:59:12
Болунгону корунуп эле турбайбы.Ошончо чон Оштон 20 делегат чакырыптыр.
+9
wwwbaxa
2018-03-31 15:03:03
Кудай билет бул жыйырмасы Атам байга сатылгандарбы жэ элдин атынан келгендерби.Ушинтип отурбай эле раз на раз кылып бутурушсо болмок Жээнбеков vs Атамбаев кылып...3 раунд 5 минуттан!
+8
Uragan07
2018-03-31 15:30:22
wwwbaxa,ха ха
+3
Nazar76
2018-03-31 15:09:59
Сдпк га жалаң жеп жутар бийликти мактап бийликтин камчысын чапкандар чогулган эң ыплас партия деп ойлойм
+11
ruslanz
2018-03-31 15:30:53
Президенттин коррупция менен курошом дегени Атамбаевге жакпай калган экен, тушунсо болот.
+7
Mazi1280
2018-03-31 15:57:44
СДПК жалан криминалдар чогулган Атамбайевдин пешкалары , чачыратып туп тамырынан жок кылып салсак эл чогулуп , мындай журушто ошого барат го озулору деле
+7
-Dybala-
2018-03-31 17:25:06
Атамбаев көп жаша! Атамбаев көп жаша!
-11
-Dybala-
2018-03-31 17:25:49
Атамбев Кыргыз эли сени мененбиз!
-11
Jelezo
2018-03-31 19:12:27
-Dybala-,элдин атынан сүйлөбө сага эл андай укукберген ..эмес
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан