super.kg logo

"Элдик кабардын" март айындагы жеңүүчүсү: "8 жаштагы кыздын сабалганын билип кол шилтей алган жокмун"

 

Диана Бактыбек кызы"Баланын ар бир кылык-жоругу ата-эне үчүн айтып бүткүс чоң ырахат", - деп 3 баланын энеси, Бишкек шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Диана Бактыбек кызы кебин баштады.

Ал буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына 8 жаштагы кыздын жакындары тарабынан сабалышы боюнча маалымат жөнөткөн. Бактыбек кызынын бул маалыматы коомчулукта жана сайтта чоң талкууга алынган эле. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи аны сабады делген өгөй энесине кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Дарыгерлер 8 жаштагы бул кыздын мурда да сабалып жүргөндүгүн айтышкан. Жабырланган секелек өзү да өгөй энеси аны чөмүч менен башка-көзгө койгулап, уруп жүргөнүн видеодо айтып берген. Ал эми ооруканага жеткирилген күнү аны өгөй апасы отургуч менен уруп, колу жабыркаганы, моюндары тытылып, башында, денесинде көптөгөн көк ала тактар болгондугу маалымдалган.

Дарыгерлер оор абалда ооруканага жеткирилген кызды караган эч ким жок экенин, ал жалгыз дарыланып жатканын айтышкан. Ал эми өзүнүн апасы кызды агасы менен кошо күйөөсүнө таштап кеткен. Бул арада өгөй энени кайненеси жактап чыккан. Анын айтымында, небере кызы өзү тентек, аны өгөй энеси эмес өз агасы сабаган. Бирок анын билдирүүсүн коомчулук ынанымдуу деп көрө алган жок. Сабалган кыз ооруканадан чыккандан кийин балдар үйүнө жайгаштырылган.

Кабардын автору Диана Бактыбек кызы өзү эне болгондон тартып бир гана өзүнүн балдарына эмес, бардыкСабалган 8 жаштагы кыз наристелерге мээрим төгүп калганын айтты.

"Менин 8, 6 жаштагы жана 9 айлык 3 балам бар. Бактылуумун, балдарыма да бактылуу балалык тартуулоо үчүн болгон аракетимди жумшайм. Ал эми 8 жаштагы кыз жөнүндө айтсам, ал менин аяшымдын кызы, кичине чагынан бери тааныйм. Көз алдыңда өскөн кыз өзүңө жакын сезилет экен. Анын сабалышын укканда чыдап тура алган жокмун, кыздын абалы тууралуу аяштарымдан улам билип калдым", - деди ал.

Ошондой эле ал дароо милицияга кабар бергенин билдирди. Андан кийин секелек кыз сабалган жерге "Тез жардам" кызматы да барып, аны ооруканага жеткиришкен.

"Азыр да Аянанын (ред. сабалган кыз) абалын ойлосом жүрөгүм ооруйт, гезит, интернет аркылуу ал тууралуу кабарларды калтырбай окуп жатам. Ата-энеси балким мени жаман көрүп жатат, бирок мен ал кыздын кыйналган кырдаалдан чыгышына себепчи болдум деп ойлойм.

Негизи акыркы убактарда өгөй атасы, өгөй энеси балдарды кордоду деген кабарлар көбөйүп жатат. Көмүскөдө билинбей калгандар да көп деп ойлойм. Андыктан балдардын тагдырына кайдыгер карабай, аларды чогуу коргоого алууга коомчулукту чакырам", - деди Бактыбек кызы.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдын июль айынан тарта жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман(Якутия).
2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).
2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон (Бишкек шаары).
2017-жыл, октябрь айы - Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман (Баткен облусу).
2017-жыл, ноябрь айы - Ош шаарындагы өспүрүм балдардын түн ичинде суукка карабай кайыр сураган балдардын маселесин көтөргөн окурман ноябрь айынын жеңүүчүсү болгон (Ош шаары).

2017-жыл, декабрь айы - Бишкек шаарында жайгашкан №3-балдар ооруканасында дем алыш күндөрү орун алган көп сааттык кезек күтүү тууралуу жазган окурман (Бишкек шаары).

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).
2018-жыл, февраль айы - кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары)


Ур-токмокко кабылган секелек: "Чөмүч менен башка койгулайт"

Автор: Айнуска Жороканова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
Super TV
12.03.2018. 20:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+48
Таштап кеткен энесин, анан тиги сабаган ХХХХХХХХ катынды да камоо керек срочно
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-13 09:50:35
Super TV
13.03.2018. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-05-2014
Соӊку аракети:
18-08-2018 11:15
Жынысы:
Белгисиз
+27
Менин да 3 балам бар,беришсе багып алмакмын,жакшынакай кылып окутуп,журогум ооруду коруп. Бирок Москвадабыз. Ал уй булого жонотпош кк.
Super TV
13.03.2018. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+12
Колун сынгыр
02.04.2018. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 17:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва шаары
+5
Молодец. Женуучу татыктуу. Эч бир бала кордолбосун. Ата-энеси менен бирге оссун.
02.04.2018. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
659
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тушунбой калдым,ушул келин айтпаса,эч ким биллей калмак беле кыздын сабалганын ошондо???
03.04.2018. 00:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+5
Nanei,ооба да буга чейин канча сабалып,эси ооп бир нече сааттан кийин озуно келген кундор болуптур го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: