Иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочуларынын талаптары

2-апрелде Бишкек шаарынын маршруттук унааларынын айдоочулары иш ташташты. Бул арада шаардын көчөлөрүндө жол тыгындары жаралды. Абалдан такси кызматы пайдаланып, кызматтын баасын 2-3 эсеге көтөрүп жиберишти. Муну таксинин айдоочулары жолдогу тыгындар менен байланыштырууда.

Учурда маршруттук унаанын айдоочулары топтолуп, бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыктары менен бир катар талаптарын билдиришүүдө.

Айдоочулардын талаптары:

1) Камсыздандыруу полиси жок маршруттук таксилердин айдоочуларына айып салууну жокко чыгаруу;

2) Бирдиктүү форма кийүү талабын алып салуу;

3) Маршруттук таксинин айдоочуларына жүргүнчүлөрдү аялдама жок жерлерден деле салып же токтоп түшүрө берүүгө уруксат берүү;

4) Маршруттук таксилер жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүгө уруксат берүү, бул үчүн айып салбоо;

5) Жолду туура эмес кесип өткөн жөө жүргүнчүлөргө да айып салуу;

6) 7 жашка чейинкилер менен пенсионерлерге каралган жеңилдикти жоюу;

7) Айрымдары жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүүнү айтышууда. Бирок көпчүлүгү азыркы жол акысына деле нааразы эмес.

Маршруттук унаанын айдоочусу Каныбек Көчөрбаев иш таштоо жөндөн-жөн эле жарала калган абал эмес экенине токтолду.

"Өзүңөр жолдун абалын көрүп жүрөсүңөр, бүт талкаланган, ылай, чаң. Ошондой жолдо жүргөн унаанын ичи да чаң болот да. Бирок "бийликтен" келип алышып, ошол үчүн да бизге айып салышат. Бирдиктүү форма боюнча айта турган болсом, формаларды биз иштеген фирмаларга келип мэриядан таштап кетишти. Аларды биз 750 сомдон сатып алдык. Эми анын кимге кереги бар? Жайкысын аба кирбейт, кийип жүргөнгө ылайыгы да жок. Бул деген чоңдордун эле бизнеси болуп жатпайбы. Аны эки метр чүпүрөк сатып алып тигип койсо болот экен. Бирок баасы 750 сомдуктай да эмес, 2 айда жыртылат, 2 ай сайын сатып алууга туура келет. Аны өзүбүзчө эсептесек, 150 сомго жетпегендей эле акча. Бизге аны мажбурлап сатып жатышат. Акыркы кезде бизге кысым көп болуп кетти, мунун жыйынтыгы ушул иш таштоого алып келди. Биздин талаптар аткарылбаса, мындан дагы окуя курчуп кетиши мүмкүн".


кошулду
Бишкектин маршруттук таксилерсиз көрүнүшү (бийиктиктен)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
aman0296
2018-04-02 14:25:59
Качан чыгышат булар жумушка?
+1
kuzumka
2018-04-02 15:07:01
Биринчи.экинчи талабынан башкасы эмне деген мыйзам бузуларды .кырсыктарды алып келерин билишеби.орунсуз талаптар.каалагандай бурулуп каалаган жеринен киши салса авария .пробка кобоет ко.аа эми 7жаш эмес 10жашка чейин бекер ташыса деле жарашмак.баарыбызда бала бар.
0
nnn.sss
2018-04-02 15:36:32
Апеей,булар обнаглели,эмне деген талаптар;3-пункт окуп эсим ооду,чон атасынын жайлоосунда жургондой тайрандап журуш керек экенда э булар,лучше иштебей эле койсун,башка жумуш издеген толтура адам иштейт
+1
aydinnur
2018-04-02 15:53:52
Экинчи полосадан бурулганга уруксат бер дегендери өтө ашыкча болуп кетиптир, дүйнөлүк жол эрежесин кантип өзгөртмөк эле.. Биротоло бир маршруттук таксилерден башкасы жолго чыкпасын деп койбоптур..
+2
tular
2018-04-02 16:30:12
Буларды да тушунсо бодот!!! Эми страховой полистин эмне кереги бар дейм да. Ал жон гана акча алмайдын эле амалы...
-1
aiko30
2018-04-02 17:53:17
урматтуу окмот ушуну менен маршруттук таксини алып салгыла. жаны автобус алгыла да линияга чыгаргыла окмотко да пайда элге да пайда.
+1
aiko30
2018-04-02 17:55:45
маршршрутка айдагандардын коздорун май басып кетти. акчаны кудайга шугур табышат кааласа чыгып кааласа чыкпай кантроль жок
+1
aslan_akjol89
2018-04-02 20:42:50
Каалаган жерден токтоп???
Эуу,чык эшике
+1
anonymous
2018-04-02 23:56:24
Светофордон кызылга деле өтө берели,башка айдоочулар бизге жол бошотушсун,каалаган жерден түшүрүп артка кайтмай,десеңер деле болмок бир жолу
+1
PROS
2018-04-03 08:08:33
Биротоло жолду бошотуп бергиле ГАИнин коштоосунда жүрөлү деп талап койгула эми!!!
+1
Makedonia
2018-04-03 09:05:35
Конституция боюнча Кыргыз Республикасынын ар бир жараны забастовкага чыкканга акылуу. (Статья 43. Каждый имеет право на забастовку.) Бирок иш таштоонун да озунун эрежеси жана тартиби бар. Трудовой кодекстин 437-статьясында жазылган. (ТК КР. Статья 437: О начале предстоящей забастовки работодатель должен быть предупрежден в письменной форме не позднее чем за 10 календарных дней.) Башкача айтканда, Эмгек кодексинин бул талабы аткарылбаган кезде, иш таштоо мыйзамсыз деп эсептелинет.
0
Makedonia
2018-04-03 09:08:14
Азыр буларды мыйзамга таянып эле каттуу жазаласа болот. Мыйзамсыз иш таштаган фирмалардын лицензиясын отмена кылып,тендер аркылуу башка фирмаларга бериш керек.
0
Topchu83
2018-04-03 09:37:32
бул айдоочуларды биринчиден эскертуу бербей иш ташташып борбордо кыйын абал жаратканы учун жазалаш керек. экинчи бул сунуш ошол жаза учун буларды айдоочулук укуктан 1,2 жылга ажыратыш керек
0
batleybesh
2018-04-03 12:52:22
Ошто окуучуларга 1 сом алар унчукпайтго,127 маршрутк айына 70000 мин толойт экен,анан алар кобу озбектер,алар ушуга ыраазыго,биз кыргыздарга эч нерсе жакпайт,миллион болсода аз
0
Taalaibek.
2018-04-04 00:16:14
Маршруттар токотсун, шаардын коркун кетиришти. Андан коро автобустар иштесин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан