Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодо өкмөттүн тандоосу менен кытайлык ТВЕА компаниясы ишти арзан бүтүрүүчү эң ыңгайлуу компания деп табылган. Мындай пикирин ТВЕА менен келишим түзүлүп жаткан кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 2-апрелде ЖЭБ боюнча өтүп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
"ЖЭБди жаңылоодо "Электр станциялары" ишканасы 3-4 компаниянын ичинен баасы төмөн, иштешүүгө ыңгайлуу деп ТВЕА компаниясын тандап алган. Дүйнөлүк стандартка салыштырып карап көргөндө, башка компаниялар курган жылуулук борборлорунда 1 киловатт электр энергиясынын баасы 1200-2000 доллардан бааланса, ТВЕАнын сунушунда 1 киловатт 1287 долларга бааланган.
Бул келишим Кыргыз өлкөсү үчүн эң пайдалуу келишим, Кытай өлкөсү бизге жеңилдетилген кредит берди. ТВЕА эл аралык деңгээлдеги компания, эгер кандайдыр бир күмөн санооңор болсо, компанияга кайрылгыла", - деп кайрылды депутаттарга Артыкбаев.
Эске салсак, быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.