super.kg logo

УКМК: "Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктады"

 

Улуттук коопсуздук комитети Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча иликтөөнү аяктап, айыбын угузду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта 30-мартта ишти иликтөө аяктап, ошондой эле Дүйшөнбек Зилалиевдин өзүнө да айыбы угузулганы айтылат. Ага ылайык, Зилалиев 228-берене (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен айыпталууда.

Ошондой эле басма сөз кызматынан Зилалиев жана жактоочусу коюлган айып менен таанышкан соң, ишти сотко жөнөтүү үчүн алгач Башкы прокуратурага жөнөтүлөрүн билдиришти.

Мындан сырткары, Дүйшөнбек Зилалиевге өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынганын да кошумчалашты.

Белгилүү болгондой, буга чейин басылмалар президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы: "Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүк жолдо кетип баратып, жол жээгинде турган курсант кызга "формаңды кичине оңдоп алчы" деп эскертүү берген экен. Балким, ал кыз форманы "бомба" деп угуп алса керек", - деп жооп беришкен.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.04.2018. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
01-11-2018 22:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бомба.форма болду де. Ушул бала жөнүндө эс жакшы сөз укбадык
02.04.2018. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
30-12-2014
Соӊку аракети:
17-06-2018 21:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олкодон чыкмак тургай, бизнес класс менен учуп эле журотко. Рейс Москва-Бишкек 09.02.18. Авиакомпания Аэрофлот
03.04.2018. 11:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
16-01-2015
Соӊку аракети:
03-11-2018 05:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен тайды тайрандатбай камагыла эми
03.04.2018. 12:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эмне озгорулду? Баягы эле адам башка кызматка отурат мамлекетти жеп которулот ошол биздин кызмат.
04.04.2018. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
28-08-2018 23:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фигуран бомбаго деген го чиркин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: